Бишкекте санариптик трансформация долбоору талкууланды

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108

Бишкек шаарында «Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү санариптик трансформация үчүн институционалдык потенциалды колдоо» долбоорун ишке киргизүүгө арналган жумушчу жолугушуу өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн, «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Эстониянын Электрондук башкаруу академиясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө санариптик мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашууну өнүктүрүү, жеке маалыматтарды коргоо жана санариптештирүү жаатындагы институционалдык потенциалды чыңдоо маселелери каралды.Возможно, это изображение стол и текст

Долбоор мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, заманбап санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө жана жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргызстанда инклюзивдүү санариптик чөйрөнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X