Бишкекте спорт академиясынын жаңы комплекси курулууда
Архитектуралык долбоорго ылайык, комплекстин жалпы аянты 12 миң чарчы метрди түзөт. Анда 1 250 чарчы метр аянтты ээлеген, олимпиадалык стандарттарга жооп берген жабык бассейн, машыгуу бассейни жана 560 көрүүчүгө ылайыкталган трибуна курулат.
Ошондой эле спорт комплексинин аймагында ачык футбол стадиону, эки кичи футбол аянтчасы, эки баскетбол аянтчасы жана пляж футболу үчүн атайын аянтча каралган.
Курулуш иштерин тиешелүү министрликке караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Учурда курулуш аянтында котлован казуу иштери аяктап, бетон куюу иштери уланууда.
Белгилей кетсек, 70 жылдык тарыхы бар академиянын жаңы имараты заманбап архитектуралык талаптарга ылайык салынып, эл аралык стандарттарга жооп берет. Долбоордун ишке ашырылышы өлкөдөгү спорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө, спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды жакшыртууга жана улуттук спорт тармагынын потенциалын жогорулатууга багытталган.