Бишкекте таксисттин унаасын айдай качкан 19 жаштагы кыз кармалды
Бишкекте автоунаа уурдоого шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-мартта К. А. аттуу такси кызматында иштеген жаран милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз кыз унаасын уурдап кеткенин билдирген.
«Шектүү кыз түнкү саат 4:30да такси чакырган. Айдоочу дүкөнгө чыккан учурда кардар кыз Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качкан. Ал жолдо баратып кырсыкка кабылганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүгү («Транспорт каражатын уурдоо») менен иш козголгон.
Кылмышка шектелип 19 жаштагы Э.С. аттуу кыз кармалган, кийин сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалып, №1 тергөө абагына бир айга киргизилген.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо үчүн тергөө жана ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.