Бишкекте таланттуу шахматчыларды даярдоочу академия ачылды

14-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы ачылды.

Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Академия эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоону, таланттуу жаштарды колдоону, ошондой эле өлкөдө шахмат кыймылын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган.

Учурда өлкөнүн 500 мектебинде 3–5-класстын окуучулары үчүн пилоттук негизде “Мектептердеги шахмат” долбоору ишке ашырылууда.Возможно, это изображение один или несколько человек и костюм

“Бүгүн Улуттук шахмат академиясы өз ишин баштап жатат. Ал таланттуу шахматчыларды даярдоонун маанилүү борборуна айланып, Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөткөн спортчулардын жаңы муунун калыптандырууга көмөктөшөт деп ишенем”, — деди ал.Возможно, это изображение Овальный кабинет и текст

Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев шахмат тактасында биринчи жүрүштү жасап, уюмдун ишине расмий старт берди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X