Бишкекте токтоп калган турак жайлардын курулушу жандандырылат
Бишкек шаарында көп жылдан бери курулушу токтоп турган алты турак жай комплексинин көйгөйүн чечүү боюнча чаралар көрүлөт. Бул объектилердин үлүш ээлери менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жолугушту.
Министрликтин маалыматына караганда, 31-октябрда өткөн жолугушууларда борбор калаадагы курулушу токтоп калган объектилердин абалы жеринде каралып, үлүш ээлеринин көйгөйлөрү угулду.
Алардын арасында Жибек-Жолу көчөсүндөгү 295 жана 297-үйлөр, Мичурин көчөсүндөгү 121Б дарегиндеги турак жай, Көк-Жар конушундагы Куйручук жана Молдокулов көчөлөрүндө жайгашкан комплекстер, Таш-Дөбө айылындагы жана Кипкалов көчөсүндөгү объектилер бар.
Аталган үйлөрдүн курулушу 2013–2022-жылдар аралыгында башталган. Батирлердин жалпы саны 1 миңден ашат. Айрым объектилердин курулушу он жылдан ашык убакыттан бери токтоп турат.
Маалыматка ылайык, курулуш иштеринин токтоп калышына компаниялардын каржылык кыйынчылыктары, үлүш ээлеринин алдындагы келишимдик милдеттенмелердин аткарылбашы жана айрым объектилердеги мыйзам бузуулар себеп болгон. Натыйжада жүздөгөн жарандар көп жылдан бери сатып алган батирлерине ээ боло албай келишет.
Министрлик көйгөйлөрдү чечүү үчүн курулуш компанияларына тышкы башкарууну киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынарын билдирди. Ошондой эле компаниялардын уюштуруучуларына жана жетекчилерине карата тиешелүү чараларды көрүү максатында укук коргоо органдарына кайрылуулар жөнөтүлөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө ар бир объект боюнча өзүнчө чечүү жолдору каралды. Атап айтканда, Жибек-Жолу көчөсүндөгү 295 жана 297-үйлөрдүн документтерин тариздөө иштерин тездетүү тапшырылды. Башка объектилерди министрликтин карамагына алуу мүмкүнчүлүгү да талкууланды.
Нурдан Орунтаев маселени чечүүдө үлүш ээлеринин укуктары жана кызыкчылыктары эске алынышы керектигин белгиледи. Жарандар болсо сунуштарды өз ара талкуулап, кеңешкенден кийин бирдиктүү чечим кабыл алышарын билдиришти.
Министрликтин негизги максаты — курулушу токтоп калган объектилерди бүтүрүп, көп жылдан бери батирлерин күтүп жаткан жарандардын көйгөйүн чечүү.