Бишкекте үч фонтан жаңыланып, пайдаланууга берилди

31-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126

2026-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында «Алтын балыктар» фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде дагы эки жаңы фонтан пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты.

«Алтын балыктар» фонтаны толугу менен жаңыланып, инженердик тутумдары модернизацияланды. Мында анын тарыхый көрүнүшүн сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Ал эми Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде курулган эки жаңы фонтандын бири имараттын алдына, экинчиси сквердин аймагына жайгаштырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар тургундарына даам-татымдар тартууланып, «Акак» комузчулар ансамбли өнөрүн көрсөттү.Нет описания фото.

Ошондой эле Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин мыкты аткарган кызматкерлерин сыйлоо аземи өттү. Эки мекеменин 20 кызматкерине 50 миң сомдон акчалай сертификат тапшырылды. Буга чейин дагы 10 кызматкер ушундай сыйлыкка ээ болгон.

Мэр Айбек Джунушалиев жаңы фонтандарды куруу иштери июль айында башталып, үч айдын ичинде аяктаганын белгиледи. Анын айтымында, шаарды көрктөндүрүү долбоорлору борбор калаанын жашыл аймактарын өнүктүрүүгө жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Мындан тышкары, мэр жыл башынан бери Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери тарабынан 8 миң 800 мыйзамсыз объект боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөнүн айтты. Алардын айрымдары буздурулуп, башкалары мыйзам талаптарына ылайык келтирилген. Натыйжада парктардын жана скверлердин аймактарын кайтарып алуу, коомдук жайларды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын соңунда шаар башчысы сыйлык алган кызматкерлерди куттуктап, алардын эмгеги жана шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

 

 

 

 

 

 

 

жакшы тема

 

 

 

 

 

 

Бишкекте үч фонтан жаңыланып, пайдаланууга берилди

31-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X