Бишкекте ВИЧке акысыз текшерүү акциясы өтөт

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 69

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордо ачык эшиктер күнү уюштурулат.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун маалыматына караганда, саат 10:00дөн 16:00гө чейин каалоочулар шилекей аркылуу ВИЧке акысыз тест тапшыра алышат.

Мындан тышкары, адистерден кеңеш алып, инфекциянын жугуу жолдору жана анын алдын алуу чаралары тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Иш-чара Логвиненко көчөсү, 8 дарегинде өтөт.

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 69
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X