Бишкекте жана Ысык-Көлдө эл аралык “Наристе” фестивалы өтөт
VI Эл аралык “Наристе” балдар фольклор фестивалы 2026-жылдын 29-майынан 8-июнуна чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө өткөрүлөт. Фестиваль дүйнө жүзүндөгү балдар менен жаштарды бириктирип, достукту чыңдоо, маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана элдердин фольклордук мурастарын сактоо максатын көздөйт.
Иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия, Өзбекстан, Монголия жана Румыниядан келген чыгармачыл топтор, ошондой эле Россия Федерациясынын бир катар шаарларынан өкүлдөр катышат.
Фестивалдын салтанаттуу ачылышы 2026-жылдын 31-майында Бишкекте өтөт. Ал эми 1-июнда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт уюштурулат.
Ошол эле күнү Бишкекте III Эл аралык маданият форуму өтүп, анда фестиваль кыймылынын өнүгүүсү, заманбап тенденциялар жана маданий кызматташтык маселелери талкууланат.
Фестивалдын программасында элдик бий жана аспаптык ансамблдердин өнөрлөрү, мастер-класстар, чыгармачыл жолугушуулар, эл аралык конференциялар, тегерек столдор, элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, маданий долбоорлордун презентациялары жана Кыргызстандын тарыхый жана маданий жайларына экскурсиялар кирет.
Ошондой эле Фестивалдын катышуучулары Кыргызстандагы тарыхый-маданий жайларга барып, “Ала-Арча” улуттук паркында болушат.
Иш-чаранын бир бөлүгү Ысык-Көлдө өтүп, фестивалдын салтанаттуу жабылышы да ошол жерде уюштурулат.
“Наристе” фестивалы балдар жана жаштардын чыгармачылыгын колдоого, эл аралык маданий байланыштарды чыңдоого жана салттуу искусствону жайылтууга багытталган ири маданий платформа болуп саналат.