Бишкекте жаңы үйлөнгөндөр сүйүүсүнүн символу катары бак отургузушту

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54

Бишкекте жаңы үйлөнгөн жубайлар «Адинай» сейил багына ольха дарагын отургузушту. Иш-чара «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын «Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу» долбоорунун алкагында өттү.

Долбоордун максаты — жаш үй-бүлөлөргө үй-бүлөлүк жашоосунун башталышын символдоштурган өзгөчө эстелик калтыруу жана борбор калааны жашылдандырууга салым кошуу.

Отургузулган дарак жубайлардын сүйүүсүн, үй-бүлөлүк бакубаттуулугун жана бирге баштаган жаңы жолун символдоштурат. Ал жыл өткөн сайын өсүп, жаш үй-бүлөнүн жашоосундагы өзгөчө күндү эске салып турат.

Долбоорго катышууну каалаган жаңы үйлөнгөндөр greenair.kg/bishkek сайты аркылуу арыз бере алышат. Ошондой эле 0880 005 123 номери аркылуу байланышууга болот.

Катышуу үчүн бак отургузула турган жерди тандап, керектүү маалыматтарды толтуруу жана QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү зарыл.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X