Бишкекте жеңил унаа аялдамада турган адамдарды сүзүп кетти

29-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 41

Бишкекте жеңил унаанын айдоочусу аялдамада турган адамдарды сүзүп кетти. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя бүгүн, 29-мартта саат болжол менен 10:00 чамасында Чыгыш-5 кичи районунда катталды.

«Анда Ауди унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, аялдамада турган 3 адамды (наристеси бар аялды, эркек кишини) сүздү. Жеринде кайгуул кызматкерлери иш алып барышууда. Ал эми жабыркаган эне-балага «Тез жардам» кызматы чакыртылды. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө», — дешти маалымат катчы.

29-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X