Бишкекте жеке маалыматтарды коргоо маселелери талкууланды

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91

28-октябрда Бишкекте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Жеке маалыматтарды коргоо форуму өттү.

Форумда мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жеке сектордун өкүлдөрү санариптик коопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо, жасалма интеллектти колдонуу жана дипфейктерден келип чыккан тобокелдиктер боюнча пикир алышты.Возможно, это изображение помост и текст

Иш-чарада жеке маалыматтарды коргоонун маанилүүлүгүнө, санариптик чөйрөдөгү коопсуздукту камсыз кылууга жана жарандардын санариптик кызматтарга болгон ишенимин бекемдөөгө көңүл бурулду.

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X