Бишкектеги №21 тергөө абагы ( СИЗО-1) Ысык-Ата районуна көчүрүлөт
Жаза аткаруу кызматына караштуу Бишкектеги №21 тергөө абагы ( СИЗО-1) Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчүрүлөт. Учурда курулуш түшө турган жер тилкеси аныкталып, даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кемел Садыков билдирди. Анын белгилешинче, курулуш иштерин ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген. №21 тергөө абагы шаар сыртына көчүрүлөрү 2023-жылы жайында айтылган.