Бишкектеги №28 мектеп-комплексинде мыйзам бузуулар аныкталды. Директор кызматтан алынды
Бишкек шаарындагы №28 мектеп-комплексинде билим берүү жана каржылык тармактардагы бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Ленин райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
Текшерүү учурунда айрым мугалимдердин билими ээлеген кызмат ордуна жана окуткан сабагына туура келбегени аныкталган. Ошондой эле мектеп директорунун орун басары педагогикалык билимге ээ эместиги жана тиешелүү кайра даярдоодон өтпөгөнү белгилүү болгон.
Мындан тышкары, айрым кызматкерлер иш жүзүндө эмгек милдеттерин аткарбаганына карабай, аларга мыйзамсыз түрдө айлык төлөнүп келгени аныкталды. Мектепке чейинки бөлүмдө да мыйзам бузуу фактылары катталып, айрым балдар мекеменин расмий эсептик документтерине киргизилбей, алар үчүн алынган төлөмдөр кассага өткөрүлбөгөнү белгилүү болду.
Прокуратура тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, мыйзамсыз сарпталган каражаттар толугу менен бюджетке кайтарылды.
Мыйзам бузууларга жол берген мектептин директору кызматынан бошотулду. Ал эми талаптарга жооп бербеген билими үчүн директордун орун басары да ээлеген кызматынан алынган.
Ошондой эле Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин тартиптик жоопкерчилиги боюнча маселе тиешелүү министрлик тарабынан каралууда.