Бишкектеги 169 батирлүү үйдү мамлекет бүтүрүшү мүмкүн

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99

Бишкек шаарындагы курулушу токтоп калган көп кабаттуу үйдү мамлекеттин күчү менен бүтүрүү сунушталды. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев Мичурин көчөсү, 121Б дарегиндеги объект менен таанышып, үлүш ээлери менен жолугушканда билдирди.

Маалыматка ылайык, эки блоктон турган турак жайда жалпы 169 батир бар. Анын курулушу 2021-жылы «Эксперт Строй» жана «Гидротехстрой» компаниялары тарабынан башталган. Бирок ар кандай себептерден улам курулуш токтоп, үлүш ээлери ушул күнгө чейин батирлерин ала албай келишет.

Жолугушууда Орунтаев курулушту мамлекеттин катышуусу менен аягына чыгаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Бул үчүн үлүш ээлери сунушту талкуулап, бирдиктүү чечимге келиши керек.

Эгерде алар макулдук берсе, курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө тышкы башкаруу киргизилип, объектти бүтүрүү маселеси каралат.

Министр мамлекет бул демилге аркылуу коммерциялык пайда көздөбөй турганын, негизги максат жарандардын көйгөйүн чечип, турак жайды бүткөрүү экенин белгиледи.

Ошондой эле курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүндөгү мыйзам бузуулар жана үлүш ээлеринин алдындагы милдеттенмелердин аткарылбагандыгы боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X