Бишкектеги бала бакчада улуттук баалуулуктарды даңазалаган иш-чара өттү

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48

Бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек шаарындагы №82 «Баластан» бала бакчасында «Уңгу жол – урпактарга улуу жол» аттуу этномаданий иш-чара уюштурулду.

Ага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, тарбиялануучулар, ата-энелер жана педагогикалык жамаат катышты.Возможно, это изображение помост и текст

Иш-чаранын максаты — балдарды улуттук баалуулуктарга тарбиялоо, кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, үрп-адаттары жана маданий мурастары менен тааныштыруу.

Иш-чаранын жүрүшүндө бөбөктөр кыргыз элинин меймандостугун чагылдырган көрүнүштөрдү көрсөтүп, улуттук оюндарды ойношту. Ошондой эле «Этно-STEAM — салт менен илимдин айкалышы» бөлүмүндө улуттук мурастар заманбап билим берүү ыкмалары менен айкалыштырылды.

Мындан тышкары, боз үйдүн түзүлүшү, элдик кол өнөрчүлүк жана улуттук тарбия боюнча тематикалык аянтчалар уюштурулду.

Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды. Анда балдар «Манас» эпосунан үзүндү айтып, «Манастын уулу Семетей» аттуу сахналаштырылган көрүнүштү тартуулашты. Ошондой эле ырдап, бийлеп, улуттук музыкалык аспаптарда күү чертишти.

Белгилей кетсек, иш-чара «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X