Бишкектеги коомдук жайлар жарым-жартылай иштөө режимине өтөт

Бишкектеги кафе-ресторан, кинотеатр, балдар аянттары жарым-жартылай иштөө режимине өтөт. Мындай чечим кечээ мериянын жыйынында кабыл алынганын вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Жарым-жартылай иштөө режими Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаевдин Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды деген билдирүүсүнөн кийин кабыл алынган. Статистикага таянсак, акыркы эки жумада эле вирустан 100гө чукул киши каза болгон. Бишкек жана Ош шаарлары “кызыл зонага” киргизилген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X