Улуттук онкоборбордо МРТ кабинети иштей баштады

9-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37

Бишкектеги Улуттук онкологиялык жана гематология борборунда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети иштей баштады. Тактап айтканда аталган борбордо эксперт класстагы United Imaging uMR 588 МРТ алгачкы жолу иштей баштады. Адистердин айтымында бул аппарат адам организминде анатомиялык жана функционалдык бузулуу баштала электе эле дартты аныктай алат.

Мындай методика организмдеги кенедей өзгөрүүлөрдү, анын ичинде шишиктердин жайылып бараткандыгын натыйжалуу көрсөтө алат. Ошону менен оор дарттарга диагноз коюу жакшырмакчы.

9-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X