Бишкектеги жаңы Батыш автовокзалы сентябрда ачылышы мүмкүн
Бишкектеги жаңы Батыш автовокзалы сентябрда ишке берилиши күтүлүүдө. Учурда курулуш иштери 95% аяктады.
Имараттын ички жасалгасы толугу менен бүткөрүлүп, эми аймакка асфальт төшөө жана көрктөндүрүү иштери калды.
Комплекстин аянты 30 миң чарчы метрди түзөт. Автовокзал үчүн 16 гектар жер бөлүнгөн. Анын аймагында соода түйүндөрү, аялдамалар жана чоң унаа токтотуучу жай каралган.
Жаңы автовокзал борбор калаадагы акыркы жылдардагы ири инфраструктуралык долбоорлордун катарын толуктайт.