Бишкектеги «Жашыл шаар» сынагынын жеңүүчүлөрүнө 200 миң сомдон тапшырылды
2026-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Жашыл шаар» сынагында биринчи орунду алган короо жана көчөнүн тургундарына акчалай сертификаттарды тапшырды.
Алгач мэр Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан «Тулпар» турак жай ээлеринин шериктештигинин короосуна барды. Аталган короо «Эң мыкты жашыл короо» номинациясында жеңүүчү болуп, 200 миң сомдук сертификатка ээ болду.
Андан соң Айбек Джунушалиев Биринчи Май районундагы «Көлмө» конушунун Теңдик көчөсүнө барып, «Конуштардагы эң мыкты жашыл көчө» номинациясынын жеңүүчүлөрүнө да 200 миң сомдук сертификат тапшырды.
Жолугушууларда мэр шаар тургундарына демилгелүүлүгү, ынтымагы жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, шаардагы жашыл аймактарды көбөйтүү жана жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүүдө тургундардын активдүү катышуусу маанилүү.
Мындан тышкары, сынакты өнүктүрүү боюнча алдыдагы пландар да айтылды. Эгерде 2026-жылы «Жашыл шаар» сынагын өткөрүүгө 2,8 млн сом каралса, 2027-жылы бул сумманы 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда.
Ошондой эле мэр ар бир номинация боюнча биринчи орунга берилүүчү акчалай сыйлыктын өлчөмүн 200 миң сомдон 500 миң сомго чейин жогорулатуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Белгилей кетсек, «Жашыл шаар» сынагы Бишкектеги жашыл аймактарды сактоого жана көбөйтүүгө, көрктөндүрүү маданиятын өнүктүрүүгө, шаар тургундарын айлана-чөйрөнү жакшыртууга активдүү тартууга багытталган.