Бишкектеги жол тыгындарын жасалма интеллект жөнгө салат

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 128

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Бишкек мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» жана ата мекендик Doroga стартапы борбор калааны санариптик өнүктүрүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Окуу жайдан билдиришкендей, долбоор Doroga компаниясы иштеп чыккан «Атлас» санариптик платформасынын негизинде ишке ашырылат. Ал Бишкектин көчөлөрүн, жол кесилиштерин, жол чырактарын жана коомдук транспорт каттамдарын камтыган шаардын санариптик моделин түзөт. Платформа жасалма интеллекттин жардамы менен транспорт агымын талдап, жол тыгындары кайсы жерде жана качан пайда болушу мүмкүн экенин алдын ала болжолдойт. Бул шаардык кызматтарга ар кандай чечимдерди алгач виртуалдык чөйрөдө сынап, андан кийин ишке ашырууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, «Атлас» жарандарга жолго чыгууга ыңгайлуу убакытты жана көздөгөн жерине жетүүнүн натыйжалуу жолдорун сунуштайт. Анда жөө жүрүү, коомдук транспортту, жеке унааны же биргелешип жүрүү мүмкүнчүлүктөрүн тандоого болот. Платформаны колдонуучулар көбөйгөн сайын транспорт агымын натыйжалуу бөлүштүрүп, жолдордогу жүктөмдү азайтуу мүмкүнчүлүгү артат.Долбоордун алкагында кыргыз жана орус тилдеринде иштеген ата мекендик санариптик картаны да өнүктүрүү пландалууда. Топтолгон маалыматтарды талдоо аркылуу шаардын кайсы аймактарында мектептерге, бала бакчаларга жана медициналык мекемелерге муктаждык бар экенин аныктоого болот. Маалыматтар анонимдештирилип, Кыргызстандын аймагында сакталат.

Кызматташтыктын негизги максаты — жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен борбор калаадагы жол тыгындарын азайтып, транспорт кыймылын жакшыртуу.

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 128
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X