Бишкектен үч миң тоннага жакын таштанды чыгарылды
Бишкекте жүргүзүлгөн масштабдуу тазалоо акциясынын алкагында жалпысынан 2 963 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын 348 тоннасы кошумча тартылган атайын техникалардын жардамы менен чыгарылган. Анын ичинен 20-ноябрда 198 тонна, 21-ноябрда 150 тонна таштанды чыгарылды.
Күнүмдүк тиричилик калдыктарын чыгарууга «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 115 атайын техникасы тартылган. Мындан тышкары, ири көлөмдөгү таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу үчүн дагы 31 атайын техника иштеген.
Тазалоо иштери борбор калаанын төрт районунда тең жүргүзүлдү. Анда эски эмеректер, керексиз ири көлөмдөгү буюмдар, түшкөн жалбырактар жана кыйылган бак-дарактардын бутактары чыгарылды.