"Эркин-Тоо"

Бишкекти жашылдандырууга 7,1 миллион доллар бөлүнөт

2025-жылы Бишкекти жашылдандырууга 7,1 миллион доллар бөлүнөт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул акчага шаарга 10-15 миң көчөт отургузулат. Мэр   шаарды жашылдандыруу үчүн муниципалитет  суу арыктарды да калыбына келтирээрин билдирди.

 

Пример HTML-страницы