"Эркин-Тоо"

Бишкектин өзгөчө тургундары Сочидеги фестивалга барышат

«Үмүт-Надежда» балдарды калыбына келтирүү борборунун окуучулары Руслан Ахмеров жана Лидия Филатова Сочи шаарында өтө турган мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын фестивалына барганы жатышат.  Бул багытта Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаев эл аралык фестивалга Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алган жаш шаардыктарды кабыл алды. Руслан майыптардын коляскасында бий даярдап, Лидия ырдайт. Аким балдарга эл аралык фестивалга жолдомо алгандыгы үчүн сертификаттарды тапшырды.