Бишкектин айрым аймактарында суу 10 саатка өчүрүлөт

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 82
2026-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарындагы айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүү саат 10:00дөн 20:00гө чейин созулат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, чектөө турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, өнөр жай объектилерине тиешелүү болот.

Суу берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта токтотулат:

  • Б. Алыкулов;
  • М. Ганди;
  • Эгиналиев;
  • Өмүр көчөлөрү.

Мындай чара М. Ганди көчөсүндө диаметри 273 миллиметр болгон жаңы суу түтүктөрүн кошуу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

Муниципалдык ишкана шаар тургундарын жана мекеме-уюмдарды сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Ошондой эле пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу билдирүүлөрдү алуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесин колдонууга болот.

 

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 82
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X