Бишкектин мектептеринде 41 жаңжал катталган
2024-2025-окуу жылы башталгандан бери Бишкектин мектептеринде балдардын ич ара келишпестигинен улам 41 жаңжал чыккан. Бул тууралуу Бишкек шаардык Билим берүү департаментинин башкы адиси Гүзел Турдубаева билдирген.
Анын айтымында эки бала жана топ-тобу менен жана «мектептер, райондор аралык» деп бөлүнүп алып жаңжалдашкан учурлар катталган. Бардык учурлар балдар иштери боюнча комиссияда каралып, айрым окуучулар Ички иштер министрлигинин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясына каттоого алынган.
«Өтө сейрек учурда гана жаңжалдар мектепте болбосо, көбүнчө сыртта же эс алуу мезгилдеринде болот. Класс жетекчилер мектептен тышкаркы убакта балдар ата-энелердин жоопкерчилигинде болорун дайыма эскертип келишет. Бактыга жараша, бизде жарандык коом активдүү, балдар чогулуп атканын көрөрү менен 102ге чалгандар бар. Ушундай чалуулар канчалаган жаңжалдын алдын алууга шарт түздү», — деген Турдубаева.