Бишкектин үч конушунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83

2026-жылдын 20-ноябрында Бишкектин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, суу берүү саат 08:00дөн 20:00гө чейин токтотулат.

Чектөө Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймакка тиешелүү болот. Убактылуу өчүрүү «Контррезервуары» суу топтомосундагы трансформатордук көмөк чордондун реконструкциялоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.Возможно, это изображение карта и текст

Суу берүү токтотулган учурда аталган аймактагы турак үйлөр, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилери суусуз калат.

Муниципалдык ишкана тургундардан жана мекеме-уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Ошондой эле шаардыктарды «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, суу берүү боюнча пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу билдирүүлөрдөн кабардар болуп турууга чакырат.

Жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз, — деп билдирет ишкана.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X