Бишкектин үч конушунда 8 саат суу болбойт

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61

Бишкектин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында 5-ноябрда суу убактылуу токтотулат. Мэриянын маалыматына караганда, суу берүү саат 09:00дөн 17:00гө чейин чектелет.

Мындай чара «Ак-Жар» жана «Ак-Бата» суу топтомолорунда, ошондой эле шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Муниципалитет жашоочуларды жана мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X