“Бишкекжарык” ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

14-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 36

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасында Кыргызстандын бюджет жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө «Бишкекжарык» МИнин жооптуу кызмат адамдары тарабынан КРнын бюджеттик мыйзамдары жана талаптары бузулуп, ишканадагы товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, жетишсиздик 27 млн 189 миң 678 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, шаардык прокуратура тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

14-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X