Битир-садаганын өлчөмү бекиди

24-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 49

Б ыйыл Орозо айы 1-мартта башталат. Андыктан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы садага-битир берүүнүн тартибин жана өлчөмүн бекитти. Ага ылайык, битирди буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек.

«Садага-битир берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баанын кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел», — деп жазылган маалыматта.

Муфтият садага-битирди эсептөөдө ошол учурдагы бааны карап берүүнү сунуштады.

Садага-битирдин өлчөмдөрү төмөнкүдөй (учурдагы баа менен):

буудай — 80 сом (1,6 килограмм);

ун — 128 сом (1,6 килограмм);

мейиз — 1 200 сом (1,6 килограмм);

арпа — 288 сом (3,2 килограмм);

курма — 2 880 сом (3,2 килограмм).

 

24-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X