Бизнес өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлдү

21-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63

Салык кызматы накталай эмес эсептешүүлөр чөйрөсүндө пайда болуп жаткан бизнестин актуалдуу маселелерин чечүү үчүн бизнес өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин максаты ишкерлер жана керектөөчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды азайтуу, накталай эмес төлөм каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана бизнести жүргүзүү үчүн тең, ачык шарттарды түзүү болду.

Жолугушууда QR-коддорду, электрондук капчыктарды колдонуудагы кыйынчылыктар, төлөм каражаттарын жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга каттоодо жаралган маселелер талкууланды. Ошондой эле акчанын эсепке түшүүсүн тездетүү, тарифтерди кыскартуу жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелерине көңүл бурулду.

21-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X