Болот Темировго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгы — ВИДЕО

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Башкы кабар 33

Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон төрт кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Тергөө аяктагандан кийин документтер Башкы прокуратурага өткөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Алтаир Исмаилов 26-апрелде “Кабар” маалыматтык агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, Болот Темировго карата жасалма документти жасоо жана колдонуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизат даярдоо тууралуу төрт кылмыш иши козголгон.

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Башкы кабар 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X