Боом капчыгайы жабылат
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы кабарлагандай, 26-30-апрель күндөрү Боом капчыгайындагы жол жарым-жартылай жабылат.
Ишкананын маалыматына караганда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Мындай иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо маалында автоунаалар бир тилке менен жүрп турат. Жол кыймылын көзөмөлдөө жоопкерчилиги Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгына жүктөлдү.