Борбор Азия жана Кытай курулушта өнөктөштүктү күчөтөт

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93

Бишкекте бүгүн, 11-ноябрда, «Борбордук Азия – Кытай» курулуш министрлеринин экинчи конференциясы өтүп жатат. Анда аймактагы курулуш тармагын өнүктүрүү, сейсмотуруктуу имараттарды куруу, турак жай менен камсыздоо жана инвестиция тартуу маселелери каралууда.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин №1 «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Ага Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Кытайдын турак жай, шаардык жана айыл-кыштак курулуш министри Ни Хун, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тиешелүү тармактарынын жетекчилери, ошондой эле «Борбордук Азия – Кытай» форматынын катчылыгынын башкы катчысы Сунь Вэйдун катышууда.

Нурдан Орунтаев өз сөзүндө 2025-жылы Пекинде өткөн биринчи конференцияда кабыл алынган демилгелердин аткарылышына токтолуп, кызматташтыкты эми конкреттүү долбоорлор менен бекемдөө зарылдыгын белгиледи.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрында Үрүмчү шаарында Кыргызстандын 30дан ашык курулуш компаниясынын өкүлдөрү кытайлык өндүрүүчүлөр менен жолугуп, курулуш материалдарын жана жабдууларын жеткирүү маселелерин талкуулашкан. Ал эми 2026-жылдын май айында Кыргызстан менен Кытай сейсмотуруктуу курулуш, илимий-техникалык кызматташтык жана заманбап инженердик чечимдерди киргизүү боюнча меморандумга кол коюшкан.

Мындан тышкары, Кыргызстан Өзбекстан менен курулуш тармагын санариптештирүү, Казакстан менен сейсмотуруктуу курулуш стандарттарын шайкеш келтирүү, Тажикстан менен сейсмикалык коопсуздук жана энергия натыйжалуулугу багыттарында кызматташып келет.

Конференциянын күн тартибине жер титирөөгө туруктуу имараттарды куруу, сапаттуу жана жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо, курулуш материалдарын өндүрүү, инвестиция тартуу, санариптик технологияларды киргизүү жана адистерди даярдоо маселелери киргизилген.

Жыйындын жүрүшүндө буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышы талданып, 2027–2028-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планын кабыл алуу маселеси талкууланат.

Эске салсак, «Борбордук Азия – Кытай» курулуш министрлеринин биринчи конференциясы 2025-жылы Пекин шаарында өткөн. Анын жыйынтыгында курулуш тармагындагы кызматташтыктын негизги багыттарын аныктаган Пекин демилгеси кабыл алынып, экинчи конференцияны өткөрүү Кыргызстанга тапшырылган.

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X