"Эркин-Тоо"

Борбор шаарыбыз жашылдандырылып жатат

Ленин районундагы Тыналиев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө газон чөптөрү айдалууда. Ал жакка топурактын атайын түрү төгүлүп, урук себилген. Ахунбаев көчөсүнөн Миңжылкыев көчөсүнө чейинки аймакта айдалган чөптөр баш көтөрүп келе жатат. Бишкек шаарынын бир нече жери жашылдандырылып жатканын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады. Ошондой эле Чүй проспектисиндеги киоскилердин ордундагы жер көрктөндүрүлүлүүдө. Мындан сырткары «Аска Таш» комплексиндеги жер түздөтүлүп, газон чөптөрү айдалган. Андан сырткары, Свердлов районунун Огонбаев көчөсүндөгү №4 мектепте дагы газон пайда болот. Мэрия белгилегендей, буга чейин Чүй проспектиндеги Ак үйдүн аймагы да жашылдандырылганын кошумчалады. Аталган жумуштарды «Бишкек жашыл чарба» муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери жасап жатканы айтылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!