Боёк цехи ачылат

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 68

Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айылында жайгашкан «Евразия Групп» компаниясынын тигүү фабрикасынын экинчи этабын куруу пландалууда.

Маалыматка ылайык, экинчи этапта кошумча тигүү цехтери жана заманбап боёк цехи курулат. Бул текстиль кездемесин өндүрүүдөн тартып тигүүгө чейинки толук өндүрүштүк даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

Долбоор боюнча биринчи жана кийинки этаптарды кошкондо инвестициянын жалпы көлөмү 40 млн АКШ долларын түзөт.

Белгилей кетсек, фабриканын кеңейиши менен 600дөн ашуун жаңы жумуш оруну түзүлөт.

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 68
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X