Боз-Болтокто 20 өндүрүш объектиси текшерилди

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 87

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылындагы Боз-Болток тилкесинде жайгашкан өндүрүш объектилерине инвентаризация жүргүздү.

Иш-чаранын алкагында кум-шагыл аралашмасын казып алуу жана кайра иштетүүчү ишканалар, бетон аралашмасын даярдоочу (БСУ), майдалап-сорттоочу (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ), ошондой эле кирпич заводу текшерилди.Возможно, это изображение силосная яма и нефтеперерабатывающий завод

Жалпысынан 20 өндүрүш объектиси инвентаризациядан өткөрүлүп, алардын 14ү мыйзамдуу негизде иш алып барары аныкталды. Калган объекттердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугу, долбоордук жана уруксат берүүчү документтеринин болушу текшерилүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Баш-Кара-Суу айылындагы Жатканбаев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан майдалап-сорттоочу орнотмонун (ДСУ) ишмердүүлүгүндө «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын талаптары бузулганы аныкталды.

Аталган мыйзам бузуулар үчүн «Адал Стиль» ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Учурда калган өндүрүш объектилери боюнча текшерүү иштери улантылууда.Возможно, это изображение силосная яма

Департамент бардык өндүрүш объектилеринин ишмердүүлүгү шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүшү зарылдыгын эскертет.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 87
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X