"Эркин-Тоо"

Британияда 16 жыл мурда жоголгон коронавирус жөнүндөгү документ табылды

Британияда мындан 16 жыл мурда жоголгон коронавирус пандемиясы менен күрөшүү планын камтыган документ табылды. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазды. Илдеттин жайылышы жана аны менен күрөшүү стратегиясы 2005-жылы жазылган. Ал кездеги бийлик SARS коронавирус илдетинен жана анын кесепеттеринен кооптонуп, план иштеп чыгууну буйруган болчу.

«Бул документ кандай себептер менен жоголуп кеткенин билбейбиз», — дешет планды иштеп чыккандар.

Маалыматка ылайык, документте илдеттен жарандарды коргоо жолдору, тестирлөөнү туура жүргүзүү, илдетке кабылгандарга туура кам көрүү сыяктуу башка сунуштамалар дагы жазылган. Мындан тышкары, планда илдеттин «супер жайылуусу», анын алдын алуу ыкмалары камтылган.

«Эгерде бул документ жоголбогондо, биз миңдеген адамдарды сактап калат элек. Тилекке каршы, документ белгисиз себептерден улам жоголуп кеткен», — дейт өлкө өкмөтүнүн мурдагы башкы илимий кеңешчиси Дэвида Кинг.

2020-жылдын кыш мезгилинде, COVID-19 инфекциясы өлкөгө кирген кезде Британиянын илимий чөйрөсү илдет менен күрөшүүнүн жолдорун кайрадан жазып чыгышкан. «Бийликтин айрым өкүлдөрү вирустун мынчалык коркунучтуу болоруна ишенбестен, даярдыктарды четке каккан учурлар дагы болгон»,- деп жазат The Independent.

Пандемиянын башынан бери Британияда 5,95 миллион кишиге вирус жугуп, миңдеген адамдар илдеттин курмандыгына айланышкан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!