Бруцеллездон сактаныңыз. Шаурма, сүт азыктары кооптуу!

Бишкек шаарында жыл башынан бери бруцеллез оорусу 17 адамдан аныкталганын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди. 17 адамдын ичинен 11 адам бруцеллез соода түйүндөрүнөн мыйзамсыз сатып алынган сүт жана сүт азыктарын ичкенде жуккан деп шектенишсе,  5 бейтап инфекцияны чала бышырылган эт азыктарын (шаурма, гамбургер) колдонуу менен байланыштырган.  1 адам бодо малды кароодон жуккан деп шектенип жатат. Андыктан мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору сүт жана эт азыктарын  санитардык талаптар сакталган соода түйүндөрүнөн сатып алууга чакырат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X