БШК бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотту

16-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 16-октябрда бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү чечимдерин бекитти.

БШКнын маалыматына ылайык, өзгөрүүлөр Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын жана Ак-Талаа аймактарындагы жергиликтүү кеңештерге тиешелүү.

Тактап айтканда, Токтогул районундагы Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Абдыбек Бекишов өз арызынын негизинде мандатынан ажырап, анын ордуна Улан Тейтиев келди.

Түп районундагы Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Зыягүл Кожомкулованын ыйгарым укуктары кеңештин сунуштамасы менен токтотулуп, бош калган мандат Руслан Шаршеевге берилди.

Сүлүктү шаардык кеңешинде «Жаңы Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бекзат Исаковдун ордуна Абдумуталип Дүйшөбай уулу келди.

Ал эми Нарын районундагы Чет-Нура айылдык кеңешинде Бек Магдыбекович Ороловдун ордуна Байжигит Тилекмат уулу, Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айылдык кеңешинде Гүлбарчын Самибаеванын ордуна Канатбек Абдраим уулу мандат алышты.

БШКнын билдирүүсүндө Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы да аталган чечимдердин катарында көрсөтүлгөн. Бирок берилген маалыматта Өзгөндөгү өзгөрүүлөрдүн чоо-жайы айтылган эмес.

16-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X