БШК чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде алгачкы 74 шайлоо участогун түздү.
БШКнын маалыматына ылайык, шайлоо участокторунун эң көбү Орусияда ачылды. Ал жакта 20 участок иштейт. Түркия менен Казакстанда алтыдан, АКШда беш участок түзүлдү.
Ал эми Түштүк Корея менен Италияда үчтөн шайлоо участогу уюштурулду. Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден участок ачылды.
Калган 23 шайлоо участогу Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларусь, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда түзүлдү.
Ошентип, учурда 33 мамлекетте кыргызстандыктар үчүн шайлоо участоктору уюштурулду.
БШК чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу иштери уланып жатканын билдирди. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кийинчерээк жарыяланат.
Түзүлгөн шайлоо участокторунун даректери менен БШКнын расмий сайтынан таанышууга болот.