БШК шайлоого даярдыкты күчөтөт

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 127

Бүгүн, 4-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, атайын өкүлдөр жана системалык администраторлор менен онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйында шайлоо комиссияларынын курамын толуктоо, шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу жана шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары тарабынан БШКнын аймактардагы өкүлдөрүнө тиешелүү шарттарды түзүү маселеси каралды.

Жыйындын соңунда шайлоого даярдык иштерин күчөтүү жана аймактык шайлоо комиссияларынын ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 127
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X