Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого талапкерлерди каттоого байланыштуу талаптарды түшүндүрдү. Ага ылайык, соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу алып салынган же жоюлган адамдар президенттикке талапкер боло алышпайт.
Ошондой эле кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган адамдарга да чектөө коюлат. Мыйзамда айрым өзгөчөлүктөр каралган. Алардын катарына этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес жана оордугу азыраак кылмыштар, ошондой эле жабырлануучу менен жарашууга байланыштуу айрым учурлар кирет.
Мындан тышкары, диний ишмерлер диний ишмердигин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде президенттикке шайлана алышпайт.
БШК талапкерди каттоодон тиешелүү документтердин тапшырылбаганы, шайлоочулардын жетиштүү жана анык кол тамгаларынын топтолбогону, шайлоо фондунун түзүлбөгөнү же шайлоо күрөөсү төлөнгөнүн тастыктаган документтин жоктугу сыяктуу негиздер боюнча да баш тарта алат.
Ошондой эле административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу же уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка же куралдуу топко тиешеси бар адам катары тиешелүү каттоодо турган же мурда турган фактылар да каттоодон баш тартууга негиз болушу мүмкүн.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.