БШК жаштар менен шайлоо сабаттуулугу боюнча кызматташат
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Документ студенттердин жарандык жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.
Меморандумга 17-ноябрда БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Rise Up Kyrgyzstan тобунун өкүлдөрү кол коюшту.
«Жаштардын тандоосу — келечек биздин колубузда» деп аталган демилге 18-ноябрдан 18-декабрга чейин Бишкек шаарында ишке ашырылат. Ага борбор калаадагы сегиз жогорку окуу жайынан 40 студент катышат.
Бир айлык программанын алкагында студенттер шайлоо мыйзамдары, добуш берүү тартиби жана шайлоо укуктары боюнча билим алышат. Ошондой эле медиасабаттуулук, сынчыл ой жүгүртүү жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча тренингдер өткөрүлөт.
Программанын соңунда университеттер аралык сынак уюштурулуп, сегиз команда өз демилгелерин сунуштайт.
Демилгени Rise Up Kyrgyzstan тобу өз алдынча иштеп чыгып, аны ишке ашыруу үчүн БШКга кайрылган. БШКнын алдындагы борбор долбоорго эксперттик жана усулдук колдоо көрсөтөт.
Белгилей кетсек, Rise Up Kyrgyzstan тобу бул демилгени 2026-жылдын ноябрь айында Берлинде өткөн Germany & Central Asia 2027 эл аралык форумунда да тааныштырган. Германиянын Copernicus Berlin уюму долбоорго кызыгуу билдирген.
Кызматташтык саясий бейтараптуулук, ачыктык жана өз ара урматтоо принциптеринин негизинде жүргүзүлөт.