БШК жаштарды шайлоого активдүү катышууга чакырды
Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушууларын камтыган масштабдуу маалыматтык кампаниясы бир убакта бардык аймактарда башталды.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын демократиялык маданиятын калыптандыруу, шайлоо процесси тууралуу маалымдуулугун арттыруу жана жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу.
Кампанияны БШК жана анын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) уюштурууда. Жолугушуулар борбордун директору Анара Бейшембаеванын жетекчилиги астында өткөрүлүп, методикалык жактан коштолууда.
Бишкек шаарындагы И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында студенттер менен жолугушууда БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо 18 жаштан 35 жашка чейинки дээрлик 1,8 миллион жаш шайлоочунун ичинен 486 миңге жакыны гана добуш берүүгө катышканын билдирди.
Ал жаштарды шайлоого активдүү катышууга чакырып:
«Сиздин добушуңуз эч нерсеге кепилдик бербейт. Бирок добуш берүүгө келбегениңиз бир нерсеге кепилдик берет: сизди эч ким укпайт», — деп белгиледи.
Ошондой эле ал шайлоого катышуу өлкөнүн медицина, билим берүү жана аймактык инфраструктура сыяктуу маанилүү тармактарынын өнүгүшүнө байланыштуу чечимдерди кабыл алууда жарандардын үнүн жеткирүүнүн жолдорунун бири экенин айтты.
Ал эми Ош шаарында БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана комиссиянын мүчөсү Бөдөш Мамырова Ош мамлекеттик университетинде жана М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде студенттер менен жолугушууларды өткөрүштү.
Русланбек Жакышов өз сөзүндө шайлоо формалдуу жол-жобо гана эмес, кадр саясатына жана аймактарды өнүктүрүүгө таасир этүүчү маанилүү механизм экенин белгиледи. Ал жаштарды өздөрүнүн ордуна башкалардын чечим кабыл алышына жол бербөөгө чакырып, добуш берүү жол-жобосунун жөнөкөйлөштүрүлүшү шайлоого катышуудагы мурдагы тоскоолдуктарды азайтканын айтты.
Бөдөш Мамырова студенттерге шайлоо сабаттуулугу жана коомдук көзөмөл механизмдери тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жаштар коомдун активдүү бөлүгү катары билим берүү, иш менен камсыз кылуу жана жаш адистерди колдоо багыттарындагы бюджеттик саясаттын артыкчылыктарына таасир эте алышат.
Маалыматтык кампания өлкөнүн бардык аймактарындагы жогорку окуу жайларын камтып, студенттердин шайлоо процесси тууралуу билимин кеңейтүүгө жана жаштардын жарандык катышуусун талкуулоого багытталган.