Букмекерлер Кыргызстандык Валентина Шевченкону Бразилиялык Тайла Сантос менен болчу беттеште фаворит деп эсептешүүдө.

11-июнь, 2022-ж. / Редакция / Спорт 36

UFC турнири эртең, жекшемби күнү, Сингапурда өтөт. Шевченко башкы беттештердин биринде жетинчи ирет чемпион макамын коргомокчу.Fonbet букмекердик конторасы төмөнкүдөй коэффициенттерди белгилеген: кыргызстандык спортчунун жеңишине — 1,15, ал эми бразилиялык мушкерге — 5,8. «Марафонбет» дагы башкачараак эсептесе да жеңишти Шевченкого ыйгарууда: 1,146 жана 5,7. Белгилей кетсек, коэффициенттик көрсөткүч канчалык төмөн болсо, жеңүү ыктымалдуулугу ошончо жогору болот.

11-июнь, 2022-ж. / Редакция / Спорт 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X