Жыл тогошоор алдында өтөөр жылдагы өтөлгөлүү, эсте калган ирмемдерди сурап, коомчулук көзүндөгү аттуу-баштуу инсандарга кайрылдык. Жакшы жышаандарга бай болгон узаган жыл кимдин эсинде эмнеси менен эсте калды? Эмесе окурман, жыл жыйынтыгына арналган биздин соболубуздагы жоопторго төмөндө бирге ортоктош болуңуз.
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов:
— Узаган жыл кыргыз мамлекети үчүн тарыхый ачылыштарга бай жыл болду. Эң оболу, Кара-кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы мамлекеттик алкакта кеңири белгиленди. Кыргызстанда жеңилдетилген шарт менен миңдеген жарандарыбыз ипотекалык өздүк батирлерге ээ болушту. Миңдеген жаштардын өздүк үйгө ээ болууну самаган кыялдарын эске алганда бул албетте, тарыхый окуя. Жакынкы 1-2 жылдын ичинде 40 миңдеген батирлер үйү жокторго мамлекет тарабынан ыроолоно тургандыгы маалым болду. Кечеки тарыхыбызда мындай ири саамалыктар болбосо керек. Мындан тышкары ушул жылы өлкөбүздө
Аскердик серепчи, полковник Токтогул Какчекеев:
— Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин делимитация менен демаркациянын бүтүшү эң зор окуя болду. Өзгөчө талаш тилкелерге жакын жайгашкан элибизге тынчтыктын орногону чоң олжо. Мындан өткөн зор иш барбы? Жыл ичиндеги баса белгилей турган окуялардын катарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата даярдык көрүү чоң максатта уюштурулууда. Мындан тышкары Ысык-Көлдүн тегерегине жол салынып, көлдөгү тоо кыркаларына лыжа курорттору курулганы жатат. Жалал-Абадда, Караколдо, Таласта эл аралык аба майдандар жаңыланып, салынды. Баш калаанын сыртындагы Орок айылында эң чоң футбол комплекси бүтүп жатат. Биз мындан ары да өзүбүздү өйдө көтөрүп, келечекке карай ишеним менен кадам ташташыбыз керек. Келерки жылы мындан да чоң ийгиликтер жаралып, Кыргызстанга дүйнө суктанган өлкө болсун.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов:
— Быйыл министрлик бир катар ири иш-чараларды өткөрдү. Маданиятка, руханий байлыкка жана техникалык базаны чыңдоого өзгөчө көңүл бөлдү. Мамлекеттин колдоосу менен 446 млн сомго заманбап техникалар сатып алынып, маданият мекемелеринин жабдуулары жаңыланды. Аймактардан тартып бардык маданий мекемелердин техникалык базасы, кызматкерлердин формалары өңдүү маселелер чечилди. Мындан тышкары тарыхый мурастарды сактоого 585 млн сом бөлүнүп, археологиялык казуулар жүргүзүлүүдө. Спорт тармагында 16 спортчубуз ийгиликтерге жетип, өлкөбүздүн намысын коргоду. Жаштар саясаты боюнча жаңы программалар ишке ашырылууда, кино тармагында бюджет 38%га көбөйтүлдү. Калкка руханий азык тартуулаган маданий жайларыбыз четинен оңдолууда. Манас театры ачылып, А.Изибаев атындагы цирк капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Жаңы жылда жаңы маданий билим берүү мекемелери курулуштары пландалууда.
КР Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын мурдагы башчысы, генерал-майор Райымберди Дүйшөнбиев:
— Үстүбүздөгү жыл жөн гана жыл эмес, өлкөбүз үчүн тарыхый мааниге ээ акжолтой жылдардан болду. Ушул жылы тээ далайдан бери такталбай, чыр-чатакка себепкер болуп келген кыргыз-тажик чек арасы такталып, өлкөбүз үчүн тарыхый бурулуш жасалды. Мындай тарыхый эмгек эки өлкөнүн жетекчилиги, атайын кызматтардын башчыларынын узакка сүйлөшүлгөн зор аракеттеринин жыйынтыгы менен болду. Узаган жылдагы эң маанилүү иш деп мен дал ушул эки өлкөнүн ортосунда такталган чек ара маселесин айтаар элем. Аскер адамы катары кеп кезеги келгенде быйылкы жылы гана эмес, соңку жылдары өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук жаатындагы аткарылган зор иштерди адилеттүүлүк үчүн айтпасам болбос. 2024-жылы бир канча чек ара заставасынын жана атайын кызматтын бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары, чек арачылардын балдары үчүн бала бакчалар ачылды. Материалдык, техникалык базалары жаңыланып, УКМКнын атайын академиясы ачылды. УКМКнын академиясынын өзүбүздө болушу өтө чоң мааниге ээ. А эң башкысы, мамлекетибизде тынчтык, стабилдүүлүк болуп турду. Эл-жерибиз үчүн мындан өткөн олжо жоктур. Босогого кирип келген жылыбыз быйылкы жылдай акжолтой, тарыхый ачылыштардын жылы болуп, Кыргызстанда тынчтык, береке, ийгилик уялап турсун.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов:
— 2024-жыл жалпыбыз үчүн ийгиликтер коштогон, туруктуу жылдардан болгонуна шүгүр келтирип, кирип келе жаткан жаңы жылга жакшы үмүттөр менен баратабыз. Өлкөдө өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр болгонун эч ким тана албайт. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жамааты белди бекем бууп, бул жылы бир топ тарыхый, маңыздуу жумуштарды аткарды. Жыл ичинде 15 000 хирургиялык операциялар жасалды, 5000ге чейин төрөт кабыл алынды. Трансплантация багытында 2024-жылда бурулуш жасалып, бюджеттик негизде акысыз 22 бөйрөк алмаштырууга жетиштик. Кыргызстанда биринчи жолу онкологиялык дарт менен жабыркаган балдарга жилик чучугун трансплантациялоо башталды. Угууда көйгөйү бар 76 балага имплантация акысыз жасалды. Гемодиализ бөлүмү жаңы имаратка көчүп, Президенттик фондунун эсебинен 4 жана Ассафа Фонду борборунун каражатына дагы 3 жаңы аппараттар коюлду. Өлкөбүз өсүп, өнүгө берсин! Жерибизден кут кетпей, токчулук, туруктуулук, тынчтык орносун! Асылзаада айымдарыбыздын, сүйүктүү балдарыбыздын ден соолуктары бекем болсун!
Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты Ырысбек Мааткабылов:
— Узаган жыл өлкөбүз үчүн бир катар урунттуу тарыхый ачылыштарга, көптөгөн эсте калган ирмемдерге бай жыл болду. Ишкер катары мен өлкөбүздөгү салык саясаты жаатындагы көрүнүштөргө токтолгум келет. Маселен, учурда ЭТТК маселеси кайрадан каралып жаткандыгы бир катар ишкерлерди абдан кубантууда. Азыр каралып жаткан салык кодексиндеги өзгөрүүлөр келечекте жакшы жыйынтыктарды берет. Эсиңерде болсо, буга чейин салык кодекси, ошол эле ЭТТК маселесине орто жана кичи ишкерлер башынан каршы болушкан. Өкмөтүбүз бул маселени карап, жеңилдетилген жагдайлары менен иш башташты. Бул узаган жылдагы эң урунттуу, баса белгилеп айта турган, экономикалык жагынан ооз толтуруп, сүйлөчү жаңылык деп айта алам. Өтөөр жылда жергиликтүү жана шаардык кеңештерге болгон шайлоо заманбап ыкмада, жаңы саясий маданияттын алкагында өткөрүлдү. Бул жагын сөзсүз сөз кылып кетишибиз керек деп эсептейм. Соңку сөзүм, быйыл Олимпиада оюндарына аз сандагы спортчулар барганына карабастан, ийгилик жаратышты. Бир канча медалдарды бөктөрүнүп келишүүдө. А эң башкысы узап бара жаткан жылда Кыргызстанда буга чейин болуп көрбөгөндөй заман талабына шайкеш, мыкты стадиондор салынып, мамлекет тарабынан спорт жаатына тарыхта болбогондой колдоолор көрсөтүлө баштады. Жаңырган жылда дал ушундай саамалыктар Кыргызстанда улам жаңы сапаттарга көтөрүлө берсин!
ЖКнын депутаты Мирлан Самыйкожо:
— Кирип келген жаңы 2025-жыл дүйнөлүк тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн жылы болсун. Өлкөбүздө өнүгүүлөр болуп, илим менен билимге умтулган жаштарыбыздын саны арбып, салтыбыз менен наркыбыздын кадыры өссүн. Эл ичинде ынтымак болуп, жергебизде тынчтык болсун! 2024-жыл дагы жаман жыл болгон жок. Мамлекетибиздин экономикасы өсүү жолуна түштү. Парламентте дагы бир топ жаңы мыйзамдар жазылды. Алардын ичинен биз демилгелеген “Манас эпосу” жөнүндө “Манас статусун” бекемдеген мыйзамыбыз үч окуудан жактырылды. Бул мыйзам келечек үчүн, улуттук идеологиябыздын өзөгү катары чоң мыйзамдардын бири болуп калды.
КРнын Эл артисти Саламат Садыкова:
— Узап бара жаткан жыл абдан жемиштүү, ооматтуу, байманалуу жыл болду. Себеби Кыргызстаныбызда тынччылык болду, ар ким өзүнүн аракетине жараша берекетин тапты деп ойлойм. Улуу акылман, ойчул Аль Фараби айткан экен: “Жакшы, маржан, даанышман көз менен, ырыстуу сөз менен карасаң бул дүнүйө керемет, ажайып. А сен эшиксиң” деп… Ушул сөздүн маанисинде абдан бир терең ой жатат. Биздин баскан изибизде, ой жорумубузда кайсы босогону кандай аттадык, кандай жакшы адамдарга жанаштык, ырыскы-насиптеш болдук деген ой келет. Мына, жыл жыйынтыкталып жатканда жапкан эшигибизди кайра ачтырган Улуу Жараткандан айланайын! Азыр ааламда зор өзгөрүү, өнүгүүлөр болуп жатат. Ошонун ичинде кыргыз эли да ушунчалык бир пейили кенен, жоомарт элбиз. Ааламга терезебиз теңелип калды. Улуу муундардын миссиясы ушул өсүп келе жаткан муунга жол көрсөтүү экен, азыркы заманбап тил менен айтканда балдардын келечектеги билими үчүн инвестиция салып, бардык жакшылыкты тең бөлүшкөн жакшы жыл болду. Өткөн жылга шүгүр келтирем. Алдыда келе жаткан жыл мээрим менен сүйүүнүн, ынсап менен канааттын жылы болсун деп каалайт элем, сабырдын түбү сары алтын деп бекеринен айткан эмес, айланайындар. Адам, беш күндүк өмүргө убактылуу келгенибизди эч качан унутпашыбыз керек. Таарынычтан алыс бололу. Бардык асылдык адамдын жүрөгүндө жана ыйманында. Биз жетпеген бийиктиктерге урпактарыбыз жетишин каалайм.
Манасчы Рыспай Исаков:
— Келе жаткан жылан жылы ийгиликтин, сабырдын, акылмандыктын жылы. Жашоого туура ой калчагандар ийгиликке жете турган, чоң өзгөрүүлөрдү жасай турган жыл. Ошондой эле бакубатчылыктын, бардарчылыктын, байлыктын жылы. Элибиз ошол жакшылыктардын баарына жетсин. Оюбуз анык, жолубуз жарык болуп, ийгиликтерибиз арта берсин. Учагыбыз кырсыксыз конуп, кучагыбыз кынтыксыз толуп, кайгыны каткырык менен, күйүттү күлкү менен жеңели. Өтүп бараткан жыл да жаман болгон жок. Сапарга бай, окуяларга жыш жылдардан болду. Келе жаткан жылы былтыркы кемчиликтерден арылып, артыкчылыктарыбызды арбыталы. Жылыбыздын кышы карлуу болсун, жазы жамгырлуу болсун. Жайы аптаптуу болсун, күзү бак-шактуу болсун. Төгөрөгүбүз төп болуп, төрүбүздө ырыс көп болуп, багыбыз көлөкөлүү, байлыгыбыз берекелүү болсун!
Ынтымагыбыз күчөп, илим-билимде, маданиятта жаштарыбыздын жылдызы жансын! Карыларга дөөлөт, жаштарга оомат тилейм!
Төкмө акын Акматбек Султан:
— Өтүп бараткан 2024-жыл жалпы кыргызстандыктар үчүн жакшы жыл болду. Өзгөчө Эгемен мамлекетибиз үчүн эркиндиктин тууру болгон, элибиздин жүрөгү болгон Ынтымак Ордобуз курулду, анын жанына улуттук улуу өнөрүбүздүн даңкын, даңазасын ашырган Манас театры курулду. Ошондой эле көчөлөрүбүз жаңырып, мамлекетибиздин өнүгө баштаганы көзгө көрүнө баштады. Ал эми жүрөк өйүткөн окуялар да болбой койгон жок, өзгөчө түштүк аймагындагы сел кырсыгы бир канча жарандарыбыздын өмүрүн алып, жалпы журтубузду терең кейишке салды… Ар бир кыргыз ал кырсыкты өз жүрөгү менен кабылдап, жардам колун сунду. Ушундай оор жагдайлардагы элибиздин бири-бирине болгон боорукерлигин карап олтуруп – бул да биздин улуттук нарк-насилибизге тиешелүү өзгөчөлүк, бийиктик деп билсек болот. Сүйүнөрүбүз, 2024-жылдан аман-эсен өтүп баратабыз. 2025-жыл Руханияттын жылы болот деп илимпоздор айтууда. Дүйнөнүн булуң-бурчунда жылдыздай чачырап жүргөн кыргыздарга, кыргыз жаштарына да ден соолук тилейм, Ала-Тообузга аман-эсен келишсин! Ар бир үй-бүлөнүн бешигинде бала үнү жаңырсын!
Калыгул Бейшекеев,
Мээрим БАКТЫБЕК кызы,
Махабат
Саидрахманова