“Кыргызиндустрия” ААК Президенти Жарасул Абдураимов 13-майда «Brizbane Group of Companies» (Пакистан) компаниясынын жана «Yiwu Bold Look Import & Export Co., Ltd» (АКШ) компаниясынын башкы директору Асиф Мухаммад Сулехри менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызиндустриянын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Ж.Абдураимов “Кыргызиндустрия” ААКсынын стратегиялык милдеттери, өлкөнүн иштебей токтоп турган ишканалары жана коомдун ал ишканаларды калыбына келтирүү жөнүндө ниетин айтып берип, республиканын аймагында булгаары буюмдарды жана спорттук шаймандарды чыгаруу өндүрүшүн иштетүүнү сунуш кылды.
Асиф Мухаммад Сулехри Кыргызстандан булгаары сырьёну импорттоого кызыкдар. Эгер сырье берүү ишке ашып калса өлкөбүздүн аймагында булгаарыдан топторду, бут кийимдерди, күрмөлөрдү жана башка буюмдарды жасоочу завод куруу мүмкүндүгүн карамакчы.
Асиф Мухаммед Сулехринин айтымында, алар чыгарган текстиль буюмдардын сапаты мыкты жана чет өлкөлөрдө өтүмдүүлүгү жакшы.
Компания жасаган жасаган продукциянын 80 пайызга жакыны эл аралык рынокко экспорттолот.
Бул компаниялар тобу көп жылдардан бери кармаш өнөрү үчүн сапаттуу товарлардын жана аксессуарлардын бардык түрлөрүнүн абдан тажрыйбалуу техникалык өндүрүүчүсү жана экспортеру болуп келатат.
Кытайдын Эл аралык соода борбору болгон Иу шаарында өзүнүн өндүрүштүк бөлүмү, АКШда да соодалык офистери бар.