Эл аралык каттамдарга чектөөнү алып салуу сунушу киргизилди

22-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 30
Бириккен улуттар уюму эл аралык каттамдар боюнча чектөөлөрдү алып салуу сунушун киргизди. Бул тууралуу Дүйнөлүк туризм уюмунун башкы катчысы Зураб Пололикашвили маалымат каражаттарына билдирген.
«Пандемиядан маалында кризиске учураган туризм тармагын калыбына келтирүү үчүн эл аралык каттамдар боюнча буга чейин киргизилген чектөөлөрдү алып салуу зарыл. Коюлган чектөөлөр  мамлекеттердин экономикалык өсүшүнө ири тоскоолдуктарды жаратты.  ДССУ коронавирус пандемиясы ушул жылдын соңуна чейин уланышы толук мүмкүн деген божомолдорду айтты. Бирок, вирустун жайылуу картасын анализдөө менен чектөөлөр боюнча маселени кайрадан карап чыгууну сунуштайбыз», — деди башкы катчы.
22-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X