"Эркин-Тоо"

Быйыл бир айда Кыргызстанга 13,7 миң жеңил автоунаа импорттолду

2024-жылдын январь айында Кыргызстанга 13,7 миң жеңил автоунаа импорттолду. Бул маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул сан 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 эсеге көп. Быйылкы импорттун ичинен 81%ы Кытай (8,2 миң даана) менен Түштүк Кореяга (2,9 миң даана) туура келет.

Январдагы импорттун суммасын карасак 2,3 эсеге өсүп, 221,2 млн долларга жеткен.