Быйыл тамак-аштын баасы 5,4%га кымбаттаган

10-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча  быйыл эт, картошка, туз, майлуу быштак, каймак май, кондитердик таттуулар, балык, манка уну, жогорку сорттогу ун, күрүч, сырлар, пастерленген сүт жана өсүмдүк майы кымбаттаган. Тактап айтканда быйылкы жылдын 11 айынын ичинде тамак-аштын баасы 5,4%га кымбаттаган.

Ал эми гречка, жаңы бышкан жашылча-жемиштер, куюп сатылган сүт, жумуртка жана пахта майы арзандаганы айтылат.

Баалардын өскөндүгү Кыргызстандын бардык аймактарында болгон. Ысык-Көлдө баалар өзгөчө кымбаттаган.

10-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X